Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнɵ эбегейсиз эмгек сиңирген билим дыйканы, боордошубуз Орхан Инандынын табылышына тилектешпиз!

356

Учурда кыргыз билим берүү тармагы, өзгөчө “Сапат” билим берүү мекемеси өтө тынчсызданып жактан кези. Анткени дал ушул окуу жайдын негиздөөчүсү, президенти Орхан Инанды 3 күн мурун үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Албетте, ал эгерде коопсуз жайда болсо эмгиче бир дарегин билдирмек. Орхан мырза дайынсыз дегенден баштап түрлүү божомолдор айтылып, атүгүл элчиликтин, өкмөт үйүнүн алдында митинг пикеттер болууда. Биз бул темада четте карап турбай, өз үнүбүздү кошууну туура көрдүк…

Амирбек Султанмуратов, “Сапат” билим берүү мекемесинин башкы директорунун орун басары: “Агай коопсуздугу боюнча буга чейин арызданган эмес…”

–Амирбек Шарипович, Орхан мырза акыркы убактарда өзүнүн коопсуздугу жөнүндө коркунуч болгонун айткан жок беле?

–Агайды негизинен 2005-жылы жылдан бери жакшы тааныймын. Бул мекемеде агай менен бир мекемеде иштейбиз. Агайдын мындай абалга кабылышы баарыбызга чоң табышмак болду. Ушул убакытка чейин мындай нерсе бизге сезилген, байкалган дагы эмес. Ал эч качан коопсуздугу жөнүндө арызданып айтканын уккан эмесмин. Бир гана Түркиядагы саясый кырдаалдарга байланыштуу өз мекенин көрбөгөнүнө капаланып, жада калса жакындары каза болсо жаназасына бара албай калганына абдан кайгырып жүрчү. Мындан сырткары Кыргызстанда болсо жогоруда айтканымдай коркуттуу үркүтүү жөнүндө кеп кылчу эмес.

–УКМК Орхан мырзага коопсуздугу боюнча эскерттүү бергенин билдирди. Бул боюнча маалымат келгенде чара көргөн жоксуздарбы?

–Бул эскертүү боюнча биздин маалыматыбыз жок. Эскерттүү деле Түркиядагы окуяларга байланыштуу абайлап жаныңызга жан сакчы алып жүрүңүз деп айтышкандыр. Агайдын жан сакчысы, айдоочусу бар болчу. Балким ал анчалык деле коопсуздугу үчүн корккон эмес болуш керек. Анткени 2011-жылдан бери Кыргызстандын жараны. Андыктан бул жагынан агай жарандык алган соң Түркияга байланыштуу саясый маселе токтоп калыш керек. Бирок кандайдыр бир тараптардын кызыкчылыгы үчүн ушундай иштер болуп жатат. Кудай буюрса жакшы жагына чечилип аман-эсен келет деп ишенебиз.

–Жок дегенде болжолдуу мугалимдин кайда жүргөнү боюнча маалыматтар барбы?

–Эч кандай маалыматыбыз жок чынын айтсам. Так маалымат берилбей жатат. Үй-бүлөсү болсо тынчысызданып олтурат. Агайдын дүйшөмбү күнү бирөөлөр тарабынан качырылганы айтылып жатат. Аялы түнкү саат бирден кийин жолдошу үйгө келбей калганда жакын досторуна, тааныштарына чалып маалымат бере баштаган. Ошондон кийин издөө иштери башталды. Тилекке каршы таптакыр жыйынтык жок.

–Кыргыз бийлигинен башкы директорду аман-эсен таап берет деген ишенимиңиздер барбы?

–Өзүңүздөр байкагандай эки күндөн бери тынчтык митинг өткөрүп кыргыз өкмөтүнөн ал кишини таап бергиле деп талап коюп жатабыз. Кандайдыр бир саясаттын ыплас оюндарына аралаштырбай таап берсе керек. Агай жөнөкөй киши эмес, мугалим. Агай бир нерсе болсо Кыргызстандын адам укуктары боюнча жана өзүнүн өлкө деп аталып турган имиджине кедерги тийет. Дүйнөлүк аренада өзүбүздүн аброюубузду жоготуп алабыз. Сапат лицейинин окуучулары, мугалимдерине бул окуя кандай каттуу тийип оор болуп атса, кыргыз бийлиги да тынчсыздандырышы керек. Агайдын аман-эсен кайтып келүүсү үчүн аягына чейин күрөшөбүз.

Рейхан Инанды, Орхан Инандынын жубайы:

“Орханды таап берүүңүздөрдү суранам…”

–Мен албетте жолдошумдун жоголуп кетүүсүнө каттуу кайгырып турам. Ошол эле учурда бул ишти көзөмөлүнө алган президен Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирем. Менин жолдошум Кыргызстандын жараны. Кыргызстан — биздин мекенибиз. Жубайым Кыргызстанды аябай жакшы көрөт. Аны тааныгандар муну жакшы билет. Президенттен, Кыргызстандын жетекчилеринен Орханды таап берүүсүн суранам! Аны күткөн көп киши бар. Кечки маалда жан сакчысын көп колдонгонду жактырбачу. Ал өзүн Кыргызстанда коопсуз сезгендиктен аны керектүү деп эсептечү эмес. Мен да өзүмдүн коопсуздугумдан коркпойм. Жубайым 3 күндөн бери дайынсыз болуп жатканына карабай, өзүмдү Кыргызстанда коопсуз сезем. Орхандын 85 жаштагы апасы бар. Ага азырынча уулунун жоголгонун айта элекпиз.

Раина Асакеева, “Сапат” билим берүү мекемесинин вице-президенти:

“Орханды табууга элибизден жардам сурайм…”

–“Кыргызстан эгемендүү мамлекет деп жарыялангандан кийин, Түркия биринчилерден болуп өлкө кызматташууга киришти. Түркия менен мамилелер билим берүү фонунда, тактап айтканда “Сапат” мекемесинин ачылышында башталган (ошол кезде “Себат”). Учурда “Сапат” муниципалдык билим берүү мекемесинде 16 лицей, 1 эл аралык университет, эл аралык мектеп жана дагы 3 мектеп бар. 1996-жылдан бери биздин бүтүрүүчүлөрүбүздүн саны 15000ден ашты. “Сапат” муниципалдык билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды, ал 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат. Орхан Инанди жаштарыбыздын билим алуусуна эбегейсиз салым кошкон. Биз, “Запат” эч качан саясатка аралашкан эмеспиз, анткени биздин башкы максатыбыз билим берүү. Академик Исак Бекбоевич айткандай, “Орхан Инанда эми кыргыз элине белгилүү”. Ошондуктан, мен бул адамдын дайынсыз жоголушу кокустук деп эсептебейм. Орхан Инанды табууга элибизден жардам сурайм.

ИИМ кылмыш ишин козгоп, издөөнү дагы күчөттү

“Сапат” мектебинин мурунку жетекчиси Орхан Инандын дайынсыз жоголушу фактысы боюнча “Адамды уурдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. «Сотко чейинки процесстин материалдарынын алкагында ИИМдин, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын бир катар тажрыйбалуу тергөөчүлөрүнөн жана ыкчам кызматкерлеринен тергөө-ыкчам тобу түзүлдү дейт мекеме.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши дагы Орхан Инандынын жоголуп кеткенине тынчсызданып жатканын билдирди…

–2021-жылдын 11-апрелинде жаңы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинде: «Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде жана өзүнүн юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылат. Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес», — деп ачык-айкын жазылган. Биз, Конституцияны укук үстөмдүгүн, адилеттикти жана теңдикти камсыз кылуу максатында кабыл алганбыз.

Ошондон улам, жаңы Конституция жана жаңы бийликке көрсөтүлгөн ишенимди жокко чыгарууга эч кимдин акысы жок. Чаламандын чак түшүндө өлкөбүздүн борборунда орун алган бул бир чети кылмыштуу, бир чети резонанс жараткан окуяны иликтеп, чыныгы жагдайды ачыкка чыгаруу — тиешелүү укук коргоо органдарынын милдети.

Сапат лицейлеринин ата-энелер жамааты дагы президентке кайрылуу жолдоду

Урматтуу президент. Урматтуу УКМК төрагасы. Улуттук коопсуздукту сактап бериңиздер. Сырткы-ички душмандар тиш кайрап турган опурталдуу учурда түрк бийлигинин бул кылганы акылга сыйбайт. Мыйзамдуу өлкөдө баары мыйзам чегинде чечилүүгө тийиш. Эрдоган жүз жылдап артта калган Африка өлкөлөрүнө жасаган “мамилесин” бизге жасабасын. Биз Африка элиндей сырткы оюнчуларга оюнчук болгон кул мамлекет эмеспиз. Урматтуу президент. Сиз биздин – ар бир кыргыз жаранынын гарантысыз. Биз сизден аталык камкордукту чыдамсыздык менен күтөбүз. Биздин балдарыбыздын дүйнөлүк деңгээлде билим алуусуна даңгыр жол ачкан улуу инсан Орхан агайды каракчылардын колунан куткарып бериңиз.

Биз сиздин чечкиндүүлүгүңүзгө жана адилеттүүлүгүңүзгө ишенебиз.

Орхан Инандынын өмүр баяны:

Орхан Инанды Түркиянын Андырын районуна караштуу Кахраман Мараш шаарында 1968-жылы 15-ноябрында туулган.

Кыргызстанга 1995-жылдын август айында Эл аралык “Сапат” лицейлеринин башкы директорунун орун басары болуп иштегени келген. Вице-президенттик кызматты аткарып жатканда, окуучулардын өзүн-өзү башкаруусуна багытталган жаш муундарды окутуу жана тарбиялоо боюнча системалуу программаны түзүүгө жетишкен. Орхан Инанды 2001-жылдан бери эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти болуп эмгектенип келет. Мекеменин негизги максаты болгон дүйнөлүк стандарттагы билим берүүнү көздөп, Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын реформалоосуна өз салымын кошуп, 16 лицей, 1 университет, 1 эл аралык мектеп, 4 толук эмес орто мектеп иштеп жатат. Алардын жаңы окутуу технологиялары менен жабдылышына, педагогдордун кесиптик чеберчилигинин, чыгармачылыгынын өсүшүнө шарт түзүп келет. Орхан Инанды 2002-жылы “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси жана 2003-жылы мугалимдер күнүнө карата “Даңк” медалына татыктуу болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын 2011-жылдын 31-мартындагы чечими менен педагогикалык илимдеринин кандидаты деген илимий даражага ээ болгон. Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 2 уулдун атасы. Жубайы Рейхан Инанды да тарыхчы.

Булак:Де-Факто

0