Кыргыз футбол: Эмир-Хан Кыдыршаев “Барселона” клубунун жаштар курамасына кирди

317

Кыргызстандык футболчу Эмир-Хан Кыдыршаев “Барселона” клубунун жаштар курамасына расмий киргенин Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

“Кыргызстандык футболчу өзүнүн эмгегинин жана каалоосунун аркасында “Барселона” футбол клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алды”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаевдин буга чейин испаниялык “Леванте” клубуна аңгемелешүүгө чакырылганы айтылган.

Белгилей кетсек, Эмир-Хан Кыдыршаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.

0