Мурдагы абсолюттук чемпион, 54 жаштагы Майк Тайсон жана 5 салмактык категориядагы экс-чемпион 51 жаштагы Рой Джонс 12-сентябрда рингде кез келишет. The Guardian билдиргендей, беттеш көргөзмө матч катары Калифорнияда өтөт.
Эске салсак, Майк Тайсон профессионалдык деңгээлдеги акыркы беттешин 2005-жылы өткөрүп, Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Жакында эле бир нече көргөзмө беттештерди өткөрүү максатында спортка кайтып келгенин жарыялап, физикалык абалы мыкты экендигин көрсөткөн бир нече видеолорду жарыялаган. Тайсон 58 жолу мушташып, 50 жолу жеңишке жеткен.
Рой Джонс тууралуу айта турган болсок, анын акыркы беттеши 2018-жылдын февраль айында болуп Скотт Сигмондун үстүнөн жеңишке жеткен. Анын капчыгында 77 беттеш анын ичинде 66 жеңиш бар.
Булак: Барс Медиа