Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректораты АКИpress агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Фархат Исмаиловдун жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгы тууралуу маалымат таратты.
«Архивдик документтердин жана буйруктардын негизинде 2006-жылы студенттердин штаттык бирдиги боюнча «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча тизмеде жок. Ал убакта Исмаиловго диплом берилген эмес», – деп айтылат окуу жайдын жетекчилигинин билдирүүсүндө.
8-апрелде УКМК дипломдордун аныктыгын текшерүү иштеринин алкагында Жогорку Кеңештин эки депутатынын жогорку билими тууралуу документтери боюнча БШКга маалымат бергени маалымдалган.
Алар депутаттар Фархат Исмаилов («Ата-Журт» фракциясы) жана Фарходбек Алимжанов («Альянс» фракциясы).
Эл өкүлдөрү диплом чуусу боюнча комментарий берип жатып, дипломдору жасалма эмес, сатып алынган эмес деп билдиришкен.