Куткаруучулар Бишкек-Ош жолунда тыгылып жана оодарылып калган унааларды чыгарды

24

Куткаруучулар Бишкек-Ош жолунда тыгылып калган унааларды чыгарды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 14-март күнү саат 17:40та Бишкек-Ош унаа жолунун 125-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы тыгылып калган.

Ошондой эле 14-март күнү саат 14:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 219-чакырымында (Ала-Бел ашуусу) “Scania” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жолдун ортосунда туруп калган жана “Toyota Camry” үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Жерине ӨКМдин куткаруучулары тартылып, унааларды жол четине чыгарып беришкен.

0