ИИМ Курсан Асанов 14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси (“бийликти күч менен басып алуу аракети”) менен сотко чейинки териштирүүнүн негизинде камалганын маалымдады. Билдирүүдө ал “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деп айтылат.
Адвокат Таалайгүл Токтакунова Асанов милицияга суракка “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу күбө катары чакырылгандан кийин кармалганын билдирген. Ал аудио монтаждалып, жасалмаланганын айткан.
«Курсан Асанов бирөө менен сүйлөшүптүр деген фейк маалымат бүгүн «Фейсбукта» жүргөн. Ошонун негизинде. Мен эртең менен бул тууралуу укканда Курсан Асановго милицияга арыз менен кайрылыш керектигин айткам. Себеби, контексттен үзүлүп алынган жасалма тасма экен. Анан эле өзүн суракка чакырып калышты да жаап коюшту».
ЖК депутаты Жанарбек Акаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу өзүнүн аты аталган аудиого байланыштуу видеокайрылуу жасаган. Анда бийликти күч менен басып алууга даярданып жүрөт деген маалыматтарды каралоо, опузалоо аракети катары сыпаттаган.
«Курсан Асанов көчөдөбү, кафедеги бейтааныш адам менен сүйлөшүп, ал жерге «Жанар» деген сөздү эптеп алып келип чаптап, «ушулар тополоң уюштурганга аракет кылып жатат» дегендей калп маалымат таратканы өкүндүрөт. Калп, жалган сөз мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, бул нормага айланып баратканы кейиштүү. Экинчиден, бул күлкүлүү, анткени жанагы сапатсыз аудиого 1-класстын окуучусу дагы ишенбейт. Мен эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен «бийликти күч менен басып алабыз, массалык башаламандык уюштурабыз» дегендей сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмесмин. Экинчиден, Курсан Асанов менен жаңылбасам, февраль айларында куран окуткан жерде жолуккан болушум керек. Ошондон бери Курсан Асановго телефон дагы чалган эмесмин, же бир жолугуп шайлоо же, саясий максаттарды дагы сүйлөшкөн эмесмин. Буга кымындай дагы далил жок. Бирок ошого карабастан «Асанов, Атамбаев жана Акаев бийликти басып алууга аракет көрүп жатат» деген абдан негизсиз, акылга сыйбаган нерсе, карандай куру доомат. Мен эмне үчүн бийликти басып алышым керек, эгер мен өзүм бийликтин бир бутагында отурсам. Өзүмдүн кабинетимди барып өзүм басып аламбы? Абдан таң калычтуу, акылга сыйгыс көрүнүш болуп жатат. Каралоо аракети болсо, бир саясатчылардын кафедеги эле сөзү үчүн айыпка жыгабыз деген аракет болсо бул анда азыркы бийликтин өтө чоң жаңылыштыгы жана катачылыгы. Буга чейин деле мындай жол менен барабыз деген бийликтин аягы жакшы бүткөн эмес».
Генерал Өмүрбек Суваналиев дагы бул адиону далил катары колдонууга болбойт деди.
“Интернеттен алынган фейк далил болуп бере албайт. Анткени, сот уруксат берген тыңшоолор гана далил боло алат. Бул жерде таптаза фейк да”.
«Соңку кармап-камоолорду парламенттик шайлоонун алдында саясий талааны тазалоо иштери катары баалайм» деп белгиледи ЖК депутаты Дастан Бекешев.
«Максат – өздөрүнүн талапкерлери үчүн талааны тазалоо, бөтөндөрдү четке сүрүү. Ойго эмне келсе, ошонун баарын иле бермей: алдамчылык, басып алуу, коррупция, негизсиз сын айтуу, кылмыштарга даярдануу».
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Генерал Курсан Асанов мыйзамсыз аракеттерге барбайт деп белгиледи.
«Мен генерал Курсан Асановго ишенем, аны чынчыл офицер жана чыныгы милиционер деп эсептейм. Бийлик экономика, маданият, билим берүү жана саламаттыкты сактоо менен алектенип, душман издебеши керек.»
Генерал Феликс Кулов Курсан Асанов менен камалаардан бир күн мурун жолукканын айтты. Анын айтымында, Курсан Асанов өзү 13 -сентябрда жолугушууну суранган. Документтер боюнча юридикалык кеңеш сураган.
«Курсан Асанов камалганга туура бир күн калганда, биз аны менен жолуктук. Мен андан алдыда кандай максаттарың бар деп, так жооп берүүсүн сурадым. Ал эч нерсе пландаштырбаганын айтты. Ал саясат менен алектенгиси келбегенин айтып, биринчи кезекте аялынын ден-соолугуна кам көрүшү керектигин белгиледи. Ошондуктан мен Курсан Асанов кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерге бармак эмес деп эсептейм. Тергөөдө кандай далилдер бар? Балким, ага жалаа жабылган. Баары соттук териштирүүдө белгилүү болот».
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы курал колдонуу менен бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу фактысын каттады. Алмазбек Атамбаев, Курсан Асанов жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бийликти кулатуу үчүн атайын кутумга барышкан деп шектелүүдө. Учурда Курсан Асанов кармалды.
Булак:ЧЫНДЫК