ИИМдин генералы Курсан Асановдун күнɵɵсүз жерден күнɵɵлɵнүп камакта жатышы кɵпчүлүктү нааразы кылууда. Белгилей кетсек Асанов 2020-жылдын 5-6-октябрындагы элдик толкундоолордо ИИМ министрлигин басып алган деп айыпталууда. Бирок, андай боло турган болсо жалгыз гана Курсан Сатарович эмес, ошол кезде ɵзүм билемдик менен бийликти басып алган «баскынчылардын» баары камалышы керек да… Эми кептин ɵзɵгүнɵ ɵтɵлү. Тергɵɵдɵ Курсан Асанов ИИМ министрлигине ошол кездеги Коопсуздук Кеңешинин жетекчисинин милдетин аткаруучу, генерал Ɵмүрбек Суваналиевдин тапшырмасы, тагыраагы ал кишинин кɵрсɵтмɵсү менен барып, ИИМдин координатору болуп коомдук тартипти сактоого салым кошконун айтып атат.
PS: Кандай болгон күндɵ дагы Курсан мырза 9 жыл ИИМ министрлинин орун басарлыгын татыктуу жетектеген, генералдык чинге ɵз күчү менен жеткен инсан. Курсан Асановго козголгон кылмыш иши кыскартылып, акталып чыгышы керектигин бир топ эксперттер, юристтер жана саясатчылар айтып жатышат. Учурдагы бийлик саясий куугунтуктан оолак болоорун айтып келет, демек Асановдун иши акыйкат каралып, чындык орнойт деген ишеничтебиз.
Де-Факто