«Курдымак» Салымбековдор түптɵп, «базаркомдордон» куралган «Эмгек» партиясы Бишкекти бийлегиси келеби?

612

Айтылуу олигарх бир туугандар Аскар Салымбеков, Мамытбай Салымбековдор негиздеген «Эмгек» партиясы бул шайлоодо баш кɵтɵрдү. «Эмгек» саясий партиясы 2015-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосуна кайсы бир партия менен тандем болуп аттанып, жыйынтыгында жолу болбой жыдып калгандан бери коңулда бɵгүп жаткан. Кандай саясий абал болбосун ал кырдаалга жараша «позада» туруп, шамал каяктан болсо ошол тарапка жапырылганды мыкты ɵздɵштүргɵн «Эмгек» партиясынын негиздɵɵчүлɵрү жанданып, жаздын келиши менен шаңданып, шаңыраңдап шайлоого бара жатышат. Жаңы партиябыз, жаңы жүздɵр менен баратабыз деп шаардыктардын башын айлантуу аракетине ɵтүп алышты, эй! Кезинде, Аскар Акаевдин «Алга Кыргызстан» партиясынын байрагын кɵтɵргɵн, андан кийин Курманбек Бакиевдин «Ак Жол» партиясы менен парламентке келген, кийин Алмазбек Атамбаевдин СДПК партиясы менен Жогорку Кеңештин тɵрүнɵн орун алган Салымбековдордун «Эмгек» партиясын кантип жаңы партия деп айтабыз?! Анан калса Бишкек Шаардык кеңештеги 45 мандаттын теңин алабыз деген дымактары бар экен! А түгүл айрым талапкерлери эмитен эле ɵздɵрүн депутат сезип алышыптыр, эй! «Эмгекчилер» куру кыялдарында 20 мандат алып, анан башка партиядан келген 3-4 депутатты сатып алып ɵзүбүздүн адамды мэр кылып шайлайбыз, анан Бишкекти ɵзүбүз тейлебиз деген сокур үмүткɵ жетеленип алышса керек. Ошондо «базаркомдор» башкалааны бийлейби?!

Нургазы Айтмырзаев

Булак:Де-Факто

0