Кумтөр иши. Акылбек Жапаров өзүнүн документтерге кол койгонун четке кагып, үн катпай жатат…

2058

Акылбек Жапаров Акаевдин доорунда 2003-2004 ж.ж Кумтөр боюнча келишим кайрадан каралып, ошол келишимди реструктуризация кылууга эбегейсиз салым кошкондордун бири. Дал ушул келишим кыргыз тарыхындагы чыккынчылык келишим катары кара так менен жазылып калган.

Учурдагы Кумтөрдүн ишин текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров буга чейин 2003-жылы алтын маселесинин айланасындагы манипуляцияларга каршылык билдирип, ошол учурдагы комиссиянын курамынан чыгып кеткенин айткан. Бирок Интернетте анын сөздөрүн жокко чыгарган документ пайда болду.

Финансы министрлигинин 2003-жылдагы катында Акылбек Жапаровдун колу турат. Демек, ал комиссиядан чыкпай эле, тескерисинче “Кумтөрдү” жактап кол коюп берген.

Таң калычтуусу, өмүр бою Кумтөргө кызмат кылып, бир нече ирет алардын пайдасына добуш берип, Кыргызстан үчүн “невыгодный” келишимдерге кол койгон Акылбек Жапаровдун комиссияны жетектөөгө моралдык укугу барбы? Эртең Кумтөргө байланыштуу айрым аткаминерлер жоопко тартыла турган болсо, анда Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги каралабы? Ал өзүн-өзү кармап береби, же ак карга болуп айланып өтөбү? Мыйзам баарына бирдей иштей турган болсо, 2003-04-09-жылдары чыккынчылык келишимдерге кол койгону үчүн Акылбек Жапаровдун да жоопкерчилиги каралышы шарт. Өлкө үчүн эң чоң жоготуу дал ушул 2003-09-жылдары кол коюлган келишимдер болгон. Бул факт!

Булак:ЧЫНДЫК

+2