Кумтөр: иш таштоо тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

119

“Кумтөр” алтын кенинде абал тынч экенин 13-майда ишкананын басма сөз катчысы Назира Ахмедова билдирди. Ал эч кандай иш таштоо болбогонун, бардыгы штаттык режимде иштеп жатканын, “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси, ишкананын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов менен «Кумтөрдүн» иш таштоого ниеттенип жатат деген кызматкерлери менен жолугушуу болбогонун айтты.

Ахмедованын айтымында, учурда кендин директору Кубанычбек Молдобеков менен подряддык ишканалардын жетекчилеринин ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүүдө.

0