Кумарканаларды ачууга “макул” деп добуш берген Айбек Осмонов акылынан адаштыбы?

1052

Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары, өзгөчө ишкер депутаттар бийликтин тушоосунда калды. Жогору жактын көзүн карап, кареги менен тең айланып калышты. Айт десе ойт деп секирип тура калышып жатканы жалганбы? Дегенибиз, айрым эл өкүлдөрү жеке принциптеринен тайып, жогору жактын ырын ырдап, бийин бийлеп жатышат. Кечээ, казинолорду кайра ачуу боюнча мыйзам долбоорун депутат Айбек Осмонов дагы колдоп бериптир. Көпчүлүк Айбек Осмоновду жеке ишкер жана ажыга барып келген инсан катары тааныйт. Бул эргул “Ихлас” сүрөөсүнүн урматына компаниясын атап, ыйман жолунда жүрүп, кумарканаларды колдогону теңирден тескери кеткениби? Же куруучу катары казинолорду жайнатып курганга шымаланып алганбы? Ислам дининде кумар оюну бул арам болуп саналат. Кумар оюндарына азгырылып канчалаган адамдардын тагдыры талкаланганын кайда катабыз? Айбек Осмонов жогору жактын таасирине багындыбы же жеке кызыкчылыгына азгырылдыбы ким билсин, эң башкысы өзүнүн жашоодогу принцибинен тайганын айгинелеп койду да, туурабы?

ЧЫНДЫК

0