Ушу тапта Статистика комитетинин казанында калптын “шорпосу” шарактап кайноодо. Өткөн жуманын башында статкомитет: “Бишкек шаарындагы орточо айлык 44 000 миң сом”, – деген маалыматты таратты. Жакаңды кармайсың эй! Же алардын айлыгы ошондойбу? Деги эле: “Кыргызстанда орточо тургай жогорку айлыктар да 44 миң сомго чыгабы?”, – деген суроо жаралат. Албетте, Соттор, Банк жетекчилери ана депутаттар эле мындай сумманы албаса 44 миң сом айлык алган мугалимди же дарыгерди, китепканачыны же артистти бул статком кайдан табышты экен? Негизи Статстикалык комитеттин башына баягы бир ай Бишкекке мэр боло калган Бакытбек Кудайбергенов келбеди беле. Кудай ургандай калп айткан жагынан Кудайбергенов менен ат салышпай эле коюш керек окшойт. Деги эле аткарган ишинен майнап чыгарбаган, ошол эле маалда “Ырыстуу чочконун мурдунан бок кетпейт” болуп кызмат дегенден Кудай ургандай жолдуу Кудайбергенов качан көрсөң бир жерде илээшип жүргөнүн көрөсүң, эй! Бир туруп Президенттик администрацияда жүрөт, бир карасаң облуста губернатор, бир карасаң борборго мэр, бир карасаң статистика комитетинин жетекчиси, айтор күлү бир жерге додо болбогон бул эргул кызмат дегенге ылгабай эле бара берет экен. Оюна келгенди оттоп, ойду-тоону урдура бермейи бар Кудайбергенов өңдүүлөр коомго коркунучтуу элемент эмей эмне? Буларды пахта талаага эле алпарып, жонтери жооруганча иштеткенден өтөөрү жок. Ошол жерде “пахта” дегенди каалашынча бир жерлерине коюп, жыргай беришмек.
Булак:Де-Факто