Красноярск шаарында Ч.Айтматовдун чыгармачыл мурасына арналган сүрөт көргөзмө өттү

1003

2021-жылдын 20-июнунда Россиянын Красноярск шаарында Андрей Кончаловский тарткан “Биринчи мугалим” тасмасынын кинокөрсөтүүсү жана КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасына арналган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы канцеляриясы тарабынан “В.И.Суриковдун музей-усадьбасы” жана Красноярск шаарынын “Дом киносу” менен биргелешип уюштурулду.

Чыгармачыл кечеге чакырылган коноктор улуу классиктин турмушу жана чыгармачылыгы, анын чыгармалары боюнча тартылган көркөм тасмалары жөнүндө биле алышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө россия тараптан Красноярск аймагынын губернаторунун администрациясынын эл аралык байланыштар башкармалыгынын, РФ ТИМинин Красноярск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн, Красноярск шаарындагы Регионалдык Кыргыз улуттук маданий автономиясынын, Красноярск муфтиятынын өкүлдөрү, ошондой эле кыргыз диаспорасы жана шаардын тургундары катышты.

0