Коррупционерлердин түшүнө кирип аткан Камчыбек Ташиевге бали!

1254

Ошентип эгемендүүлүктү алганыбызга быйыл туптуура 30 жыл толду. Жашырганда эмне, бул аралыкта мамлекетибиздин экономикалык абалы мактанаарлык боло алган жок. Анткен менен 30 жыл ичинде эл башына келген жүздɵгɵн чиновниктерибиздин үй-бүлɵлүк экономикалык абалы кыйла эле жакшырды. Элдин эсебинен болушунча тайраңдашты. Акыркы убакытта мамлекеттин казынасына кол салып, эбегейсиз байыган чиновниктердин казынага миллиондорду тɵгүп атканы маалым. Түшүнүктүү тил менен айтканда казынаны кемиргендерди “кустуруу” жолу менен кайрадан мамлекеттин казынасына миллиондор тɵгүлүп атат десек жаңылышпайбыз. Бул алкоого алаарлык жакшы кɵрүнүш. Ошол эле учурда казынага жегендерин тɵлɵп аткандар сүйүнүп тɵлɵп аткан жок. Алар керек болсо “таман акы маңдай тери” менен тапкан акчасын казынага тɵгүп берип аткансып ичинен кан ɵтүп тɵлɵп атканы айтпаса да белгилүү эмеспи. “Кусуп” аткандар УКМКнын тɵрагасы Камчыбек Ташиевди жакшы кɵрүп жаткан жок да. Мындан улам Камчыбек Кыдыршаевичтин ар бир кылган ишинен кыйкым издеп, аны элге жаман кɵрсɵтүүнүн жолун ар тараптан издеп атышат. Биз кандай айткан күндɵ дагы Камчыбек Ташиев сыяктуу чечкиндүү кадам жасап, коррупцияга малынгандарды “кустура” турган бир адам керек болчу. Албетте, иш болгон жерде кемчилик дагы болот. Бирок, жалпы алкакта караганда жегендерди кустуруп, коррупционерлердин түшүнɵ кирип аткан Ташиевге бали дешибиз керек!

+3