Коомдук ишмер Ташкул Керексизов дүйнө салды

820

Коомдук ишмер, айтылуу “Рух-Ордо” комплексинин негиздөөчүсү Ташкул Керексизов 73 жашында каза болду. Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.

Керексизов Бишкектеги жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланып жаткан.

Ташкул Керексизов 1948-жылы Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, жогорку билимге ээ болгон. Райондук акимчиликтеги кызматкерден тартып президенттин кеңешчисине чейин жеткен. Талас облусунун губернатору, Мамлекеттик мүлк фондунун, Бажы кызматынын башчысы кызматтарын аркалаган.

Маркумдун сөөгү 9-майда Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

0