Конушбаевди карап түздөнсөӊөр болот

743

Карапайым эл тургай бийликтин бийик эшелонунда олтургандар деӊгээлин көтөрө албай, тапшырылган ишти талаага калтырып келген учурлар арбын. Ырасында өз ишин билбеген жетекчилер жаатында Гиннес китебине кирсек болчудай. Эл ɵкүлү деген даражанын түпкү маңызын түшүнбɵгɵн депутаттар арбын. Эптеп жолун таап мандат алып алган. Ошондой бери «былк» этпей кирип-чыгып айлык алып, тɵшүндɵ кызыл тɵш белги бар экенине курсант болуп жүргɵндɵр оголе кɵп. Шайланганына дээрлик 6 жыл болсо дагы шайлоочуларына жардам бергенди кой, ден-соолугун сурап койбогон депутатттар четтен чыгат. Арийне, баары жаман деш да туура эмес. Ошол эле министрликтерде, Жогорку Кеӊеште мыкты инсандар, тажрыйбалуу адистер жок эмес. Алсак, Жогорку Кеӊештин депутаты Тынчтык Конушбаев эл кɵйгɵйүн кɵɵдɵнү менен туя билген, ар тараптан бышып жетилген саясатчы экендиги талашсыз. Тынчтык Кадырбекович өзүнүн адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, тарыхты даңазалаган мекенчилдиги менен, ошондой эле тагылган милдетти так жана таасын аткара билген сапаты менен башкалардан айырмаланып тураары анык. Тынчтык мырзадай кадрлар тиешелүү жерлерде жетекчи олтурганда өлкөнүн жүгү да бир топко жеӊилдемек. Бул шексиз чындык. Ал эми жөн эле мандатты «занят» кылып олтурган кээ бир «кресло жырткыч» депутаттар уялбай эле Тынчтык Конушбаевди карап түздɵнсɵңɵр болот!

Булак:Де-Факто

+2