Кокондо 16 жаштагы кыз «уурдалып, зордукталды»; кылмышкерлер камалган жок

119

Өзбекстанда «зордукталган» 16 жаштагы кыздын жакындары милиция кызматкерлерин өз милдеттерин аткарбай жатат деп айыпташууда.

«29-апрель күнү ифтардан кийин кызым дүкөнгө кеткен. Жолдо аны үч киши күч менен автоунаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен. Бизде окуяга күбө болгон адамдар бар. Биз кызды уурдап кеткендердин аты-жөнүн да билебиз. Дароо эле Кокон шаардык жана Фергана облустук ички иштер башкармалыктарына арыз менен кайрылдык. Аларга кызды салып кеткен автоунаанын номурун гана эмес, алардын кайсы жерде жашырынып жүрүшү мүмкүн экенин да айтып бергенбиз. Бирок эч кандай аракет көрүшкөн жок. Мен бир жума бою милиция бөлүмүнөн кетпей ыйлап отуруп алгандан кийин гана кызымды 7-майда таап, алып келишти», — деди кыздын апасы.

Анын айтымында, кызын уурдап кеткендердин бирөө буга чейин «Уурулук» жана «Денеге атайылап оор залал келтирүү» беренелери боюнча үч жолу соттолуп, жакында эле түрмөдөн чыккан.

– Ал эки таанышы менен кызымды уурдап, Наманганга алып барып зордуктаган. Ал өтө коркунучтуу кылмышкер, адамды мууздап салуудан кайра тартпайт. Бирок буга карабастан ал бүгүнкү күнгө чейин эркиндикте жүрөт. Милиция бөлүмүндө кызыма «эч ким зордуктаган эмес жана автоунаага өз каалоом менен отургам» деп тилкат жаздырып алышыптыр. Кызым тилкат жазууга аны уурдап кеткен кишинин, туугандарынын жана милиция кызматкерлеринин коркутуусунан улам макул болгон, — деди кыздын апасы.

Ал Кокон шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча дале болсо соттук-медициналык экспертиза дайындай электигин кошумчалады.

Шаардык милиция бөлүмүнүн өкүлү «Эркин Европа» радиосунун кызматкеринен уурдалган кыз тууралуу суроону уккандан кийин дароо телефон трубкасын коюп койгон.

Өзбекстанда «Адам уурдоо» беренеси менен соттолгондор үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Ушул эле кылмышты жашы жете электерге карата жасагандар беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө камалат. 18 жашка чыга электерди зордуктагандар үчүн 10-15 жылга соттоо жазасы бар.

0