Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 23-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун соту уланды. Асановго 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу коюлуп жаткан айып боюнча сөз берилди. Ал “буйрукту укпай коюп, Атамбаевдин үйүнө кирип кеткен” деген айыпка макул эместигин, күнөөсү жок экенин белгилеп, иш саясий негизде козголгонун айтты.
“Кашкар Жунушалиев үч жолу штурм кылып, алып чыга албай койгондон кийин жоопкерчиликти өз мойнума алып, Атамбаевди тирүү алып чыкканымды бүгүнкү отурумда айтып бердим. Анын далилдери кылмыш ишинде да бар”, — деди Асанов.
Асановдун айтымында, ал тергөөдө да, сотто да мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен беттештирүү өтүнүчүн келтирген, бирок ал азырынча аткарыла элек.
Кийинки отурум 30-сентябрга белгиленди. Анда да Асановдун сөзү уланары айтылды.
2020-жылдын февралында Башкы прокуратура Асанов боюнча үч иш козголгонун, алар Биринчи Май райондук сотунда бириктирилип каралып жатканын маалымдаган.
Биринчи Май райондук соту быйыл 28-июнда Октябрь окуяларына айыпталгандарды «кылмыштын курамы жок» деген негизде актаган.