Кыргызстандын укуктук мыйзам талаасы кайсы жакка бара жатканы белгисиз. Себеби 2019-жылы ишке кирген кодекстерге өзгөртүүлөрдү тез арада, шашылыш киргизүү аракети катуу жүрүп жатат. Мына ушулар боюнча Кыргызстан юристтер ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Сыргак Арзыматовдун пикирин сурадык:
- 2019-жылдагы кодекстердин жакшы жагы эмнеде эле, жаман жагы кайсылар деп ойлойсуз?
- Бул кодекстердин жакшы жагы көп эле, мыйзамдар гумандуу тарапка бурулуп, чаралар, санкциялар жумшартылган болчу. Кылмыштар жоруктар, бузуулар деп категорияларга бөлүнгөн. Мурда мисалы, тоок уурдаган адам деле кылмышкер катары камалып кете берчү. Мына ушул сыяктуу, дагы башка мыйзам бузууларга айыптар гана салынып иштер бүтүп калчу. Ошон үчүн 2019-жылы кирген кодекстердин жакшы жактары көп болчу. Мисалы, тергөө менен кызматташуу кирген. Аны айрымдар жаман деген менен, ошол тергөө менен кызматташуу аркылуу көп кылмыштардын, анын ичинде резонанстуу кылмыштардын беттери ачылган. Бирок санкция жагына келгенде кичине жумшак мамиле болуп келген. Жогоруда айтылгандай жакшы жактары да, жаман жактары да болгон. Бардык эле мыйзамдардын жакшысы же жаман экендиги аны менен иштегенде гана билинет. Ошон үчүн 2019-жылдардагы кодекстердин жакшысы да, жаманы да эксперттерге билинип калды.
- Ал эми азыр сунуш кылынып жаткан долбоорлордо кандай коркунучтар бар?
- Азыркы долбоорлордо мурда УКМК, Финансы полициясы караган кылмыштардын көпчүлүгү азыр прокуратуранын көзөмөлүнө өтүптүр. Ушундай кылмыш иштерин прокуратура козгойт, өзү алып барат. Эми прокуратура өзү кылмыш ишин козгоп, анан кайра өзү ага көзөмөл жүргүзөбү? Коркунуч ушул жакта болуп жатат. Кийин кандай болот, “Карга карганын көзүн чукубайт” деп тергөөчүлөр бири-бирине көз жуумп коюшабы деген коркунучтар бар. Ошон үчүн андай иштерге көзөмөл кандай жүргүзүлөт, надзор кандай болот деген суроолорду эксперттерге берип, жоопторду тактап жатабыз.
Ошондой эле соттордун ыйгарым укуктары кандай болоору да суроолорду жаратат, себеби бул кодекстерден тышкары соттор жөнүндөгү мыйзамда дагы өзгөрүүлөр болуп жатат. Азыр жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн көп мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө, натыйжада башаламандык да болууда. Ошондуктан биз дагы суранган элек, шашпай, бир ай эмес, керек болсо алты ай убакыт берип, жаңы сунуштарды шашпай талкуулап бышырып анан кабыл алсак деген оюбузду билдирдик. Президенттин мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жарлыгынан кийин, азыр бардык министрликтерде мыйзамдарды кароо менен алек болуп калышты. Көпчүлүгү аларды кароого жетишпей дагы жатат. Ошондуктан шашуунун кереги бар беле?