КМШ миссиясы: Тажикстандагы парламенттик шайлоо ачык жана атаандаштык негизде өттү

3800

Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) байкоочулар миссиясы 1-марттагы Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасын шайлоо «өлкө Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык» өткөнүн билдирди.
Миссиянын 12-мартта жарыяланган билдирүүсүндө шайлоого даярдык көрүү, шайлоочулардын тизмесин тактоо, талапкерлерди каттоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) ишмердүүлүгүндө, ошондой эле үгүт иштеринин жүрүшүндө жана шайлоону чагылдыруу маалында эч кандай мыйзам бузуулар болбогондугу жазылган. Мындан тышкары билдирүүдө шайлоо атаандаштык негизде, ачык өткөнү белгиленген.
Шайлоодон кийин жергиликтүү журналисттер менен байкоочулар добуш берүү күнү көптөгөн мыйзам бузууларга, анын ичинде жарандарга эки-үчтөн бюллетень берилген учурларга күбө болушканын билдиришкен.
Азырынча ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссиясы Тажикстандагы парламенттик шайлоо боюнча билдирүү жасай элек.
Тажикстан БШКсынын маалыматына караганда, шайлоодо Элдик-демократиялык партия добуштардын 50,4% ээ болгон. Агрардык партия менен Экономикалык реформалар үчүн партиясы төрттөн мандат алса, Тажикстандын демократиялык партиясы менен Социалисттик партия бирден мандатка ээ болушкан.
Коммунисттер партиясы менен жалгыз оппозициялык күч эсептелген Тажикстандын социал-демократиялык партиясы беш пайыздык чектен аша алышкан эмес.
Эл аралык байкоочулар, Батыш өлкөлөрү жана көз каранды эмес уюмдар Тажикстанда акыркы 23 жыл ичинде өткөн бир да шайлоону ачык, таза, демократиялуу болду деп тааный элек.

0