Каракол шаарында катуу шамал катталып, мейманкананын чатырын учуруп кетти, — деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында шамал катталып, Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын 475 чарчы метр темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок, учурда шамалдын ылдамдыгы такталууда.
«28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бүгүн комиссия тарабынан акт түзүлөт», — деп кошумчалашты ӨКМден.