“Кечке чейин кырдаалды жөнгө салабыз”. Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы менен жолукту

132

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Ятимов Саймумин менен жолукту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ташиев жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде бардык суроолор чечилип жаткандыгын айткан.

“Тажикстандын УКМК башчысы жана бир нече кызматкерлер менен жолуктук. Жолугушуу жакшы болду. Нейтралдуу жерде жолуктук. Буйруса баары жакшы болот, чечебиз. Бардык аракеттер көрүлөт (абалды тынчытуу боюнча). Президентибиз Садыр Нургожоевичтин көрсөтмөсүнүн негизинде бардык маселелер чечилип жатат. Кудай буйруса бүгүн кечке чейин абалды толук турукташтырып бүтөбүз», – деди Ташиев.

0