Казакстанда өткөн суткада коронавирус 1921 адамдан аныкталды

155

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 921 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 368, Алматы шаарында – 611, Шымкент шаарында – 48, Акмоло облусунда- 52, Актөбе облусунда – 61, Алматы облусунда – 255, Атырау облусунда – 103, Чыгыш-Казакстан облусунда – 34, Жамбыл облусунда – 26, Батыш-Казакстан облусунда – 105, Караганда облусунда – 88, Костанай облусунда – 35, Кызылорда облусунда – 18, Мангистау облусунда – 31, Павлодар облусунда – 54, Түндүк-Казакстан облусунда – 20, Түркестан облусунда – 12 адамдан COVID-19 аныкталган.

Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 255 миң 28 адам коронавирус жуктурган.

0