Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кыскара баштады

196

Казакстанда май айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны 2,1 эсе кыскарды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой билдиргенин “Казинформ” сайты жазып чыкты.

Өкмөттүн жыйынында министр Казакстанда 10-июнга карата илдетке кабылгандардын саны 397 миң 976 адамды түздү.

“Республикада ооруга кабылгандардын саны негизинен кыскарууда. Акыркы бир жумада илдетке кабылгандардын саны 11 миңден 8 миңге чейин азайды. Май айынан бери коронавирус менен ооругандар 2,1 эсе кыскарды”, – дейт Алексей Цой.

0