Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 656 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында — 601, Алматы шаарында — 673, Шымкент шаарында — 119, Акмоло облусунда — 90, Актөбе облусунда — 120, Алматы облусунда — 232, Атырау облусунда — 117, Чыгыш-Казакстан облусунда — 106, Жамбыл облусунда — 40, Батыш-Казакстан облусунда — 112, Караганда облусунда — 201, Костанай облусунда — 28, Кызылорда облусунда — 75, Мангистау облусунда — 35, Павлодар облусунда — 43, Түндүк-Казакстан облусунда — 42, Түркестан облусунда – 22 адамдан COVID-19 аныкталган.
Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 281 миң 351адам коронавирус жуктурган.