Казакстанда бир суткада 2530 адамдан коронавирус аныкталды

105

Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 530 адамдан аныкталды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 401, Алматы шаарында – 682, Шымкент шаарында – 40, Акмоло облусунда – 101, Актөбе облусунда – 121, Алматы облусунда – 285, Атырау облусунда – 97, Чыгыш-Казакстан облусунда – 67, Жамбыл облусунда – 53, Батыш-Казакстан облусунда – 237, Караганда облусунда – 217, Костанай облусунда – 31, Кызылорда облусунда – 45, Мангистау облусунда – 29, Павлодар облусунда – 58, Түндүк-Казакстан облусунда – 27, Түркестан облусунда – 30 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 292 миң 250 адам коронавирус жуктурган.

0