Казакстанда бир суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 440 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында — 446, Алматы шаарында — 717, Шымкент шаарында — 72, Акмоло облусунда — 101, Актөбе облусунда — 116, Алматы облусунда — 254, Атырау облусунда — 149, Чыгыш-Казакстан облусунда — 49, Жамбыл облусунда — 38, Батыш-Казакстан облусунда — 110, Караганда облусунда — 169, Костанай облусунда — 33, Кызылорда облусунда — 43, Мангистау облусунда — 33, Павлодар облусунда — 38, Түндүк-Казакстан облусунда — 49, Түркестан облусунда – 23 адамдан COVID-19 аныкталган.
Казакстанда пандемия башталгандан тарта бардыгы болуп 263 миң 943 адам коронавирус жуктурган.