Казакбаев: Казакстан Кыргызстанга радиолокациялык станция берет

197

Казакстан Кыргызстанга ок-дары түрүндө жардам көрсөтөт жана радиолокациялык станция берет. Бул тууралуу брифингде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул маселе Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 2-3-март күндөрү президент Саыр Жапаровдун Нур-Султанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында талкууланган.

Казакбаев берилчү жардамдын көлөмү жана саны тууралуу так айта албасын билдирди.

«Мен жетиштүү болот деп айта алам», – деди КР ТИМ башчысы.

Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВт саат электр энергиясын имппорттойт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Ал белгилегендей, бул тууралуу сүйлөшүүлөр 2-3-мартта КР презденти Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген.

Казакбаев кошумчалагандай, келишимге ылайык Кыргызстан электр энергиясын жакынкы 2-3 аралыгында бөлүп кайтарат.

Ошондой эле ТИМ башчысы белгилегендей, тараптар вегетация мезгилинде Кыргызстан тараптын Казакстанга сугат суусун берүүсү боюнча макулдашты.

Кыргызстан менен Казакстан кыргызстандыктардын Казакстан Республикасынын чек арасынан өтүүсүн жеңилдетүүгө макулдашышты. Бул тууралуу брифингде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Ал чек арадан өтүү маселеси 2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында көтөрүлдү деп белгиледи.

Ошондой эле, министр чек арадан өтүү, Россия жана Кытайга бара жаткан КР жарандарынын транзиттик жол катары чек арадан өтүү мүмкүнчүлүгү, андан тышкары Алматыдан үчүнчү өлкөгө учуулары боюнча маселелер көтөрүлгөнүн билдирди.

“Азыр Казакстандын чек арасынан өтүү процедурасы татаал болуп турат. ТИМ аркылуу макулдашуу, Казакстан тараптан чакыруу, КР элчилигинен эскертүү алыш керек. Биз бул процедураларды жеңилдетүүгө макулдаштык. COVID-19 пандемиясына байланыштуу чек ара Казакстан тараптан жабык” , – деди ал.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бардык өткөрүү пункттарын ачуу маселеси талкууланганын билдирди.

“Азыр белгилүү болгондой 4 пункт гана иштеп жатат, дагы үчөө ар кандай себептерден улам жабык турат”, – деди ТИМ башчысы.

Муну менен катар Руслан Казакбаев казак тарап модернизациядан кийин “Ак-Жол – Кордай” өткөрүү пунктунан адамдарды өткөрүүнү көбөйтүүгө даяр экенин билдирди деп кошумчалады.

ТИМ башчысынын айтымында, иш сапардын алкагында унаа менен жүк ташуу, андан тышкары Кыргызстан-Казакстан-Россия жана Кытай-Казакстан-Кыргызстан маршруту боюнча темир жол аркылуу жүк ташуудагы маселелер дагы көтөрүлгөн.

0