Катардагы сот Жоошбеков кантип миллионер болуп чыга келди?

597

Илгери сот дегенде мыйзамдын ар бир тамгасын бийик коюп, акыйкаттуулукту туу туткан, ошол эле учурда мамлекеттен алган айлыгына нысап кылып, жупуну жашаган интеллигент адамды элестетээр элек. А азыр замандын шары десек жарашпай калчудай, Кыргызстандагы “аба ырайына” жараша сот өлкөнүн эң бай адамдарынын катарын толуктаган сайын акыйкаттуулуктун карааны кичирейүүдө. Буга чейинки бийлик башчылары ар кимиси өз доорунун соттору көз карандысыз экенин жарыялоодон ырахат алышчу. Бирок ошол эле кезде сот толугу менен бийликтин тапшырмаларын аткараары көпчүлүккө маалым эле. Ар кандай мыйзамсыздыкты соттор өздөрү биринчи жаратаары, кайсы бир чечим чыгараарда же бийлик же акча роль ойноору да эч кимге жашыруун эмес. Биз бул жерде жалпы соттордун атына доо келтирүүдөн алыспыз, бирок мыйзамдуулукту сактап, адал иштеген соттор өтө аз.

Сот системасынын басымдуу бөлүгүн биз сөз кылгандай, эл акыйкаттыкты издеп келе турган мекемени жеке бакыбат жашоосунун булагы катары көрүп алгандар түзөт. Андайлардын бири – Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун судьясы Жоошбеков Алмазбек Нарынкулович.

Бул райондук соттун катардагы судьясы балким кыздарынын байлыгын, көңүл ачууларын жарнамалоого шыгы болбогондо ушул бойдон белгисиз калмак. Чет өлкөлөрдө, кымбат көңүл ачуучу жайларда эс алган кыргыз кыздарына кызыккандар алар тууралуу маалыматтарды чубаганда артынан судья атасы калкып чыккан. Айлыгы 32 миң сом болгон, декларациясында жылдык кирешесине 420 миң сомду жазган, ошол эле убакта жакын туугандары үй-бүлөлүк бюджетке бир жыл ичинде бир сом да пайда келтирбегенин белгилеген Алмазбек Жоошбековдун кызы Москвадагы Шереметьево аба майданындагы VIP-залында учак күткүчө эс алып отурган видеону киргизген. Ал залга каалагандын баары эле кире албайт, бир жолку кирип чыгуу 32 миң рублга айланат. Эми элестетип көргүлө, атасынын айлыгы 35 миң сом, а өзү бир сом киреше таппаган кыз кантип кымбат залдын кардарына айланды? Бул гана эмес, Инстаграмм баракчасынан бул кыздын бирде Дубайда, бирде Францияда эс алып жаткан сүрөттөрүн көрүүгө болот. Ал жакка бекер барбаса керек? Судьянын дагы эки кызы бар, алардын да соцтармактагы баракчасына жүктөгөн видео-сүрөттөрүнө караганда жашоосу олигархтардыкындай эле. Биринин баракчасынан кымбат баадагы жол тандабастарды көрүүгө болот. Ак түстөгү Range Rover Sport автоунаасынын базардагы баасы 25 миң доллардан кем эмес. Toyota Land Cruiser 10 миңден ашуун долларга бааланат. Журналист Болот Темировдун каналы иликтөө жүргүзүп, бул эки унаага тагылган номерлер жасалма экендигин аныктаган, демек аны айдаган адамдар эч кимден коркпогон, өздөрүн бул жашоонун “падышалары” сезишээрине ынанышкан.

Олигархтардын жөнү башка, бизнесте байыгандарды кайсы бир деңгээлде актоого болот, ал эми райондук соттун судьясына кайсы кирешенин негизинде деген суроо жаралаары анык. Анын мурдагы жубайы, сүрөтүн жарыялаган кыздардын энеси Ибраева Гүлзат Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болгон, анда анын эч жерде иштебегендиги көрсөтүлгөн. Атасы судья, апасы үй кожейкеси болгон кыздардын эс алуусу ушундай. Мындан улам мыйзам ченемдүү суроо туулат: кантип? Сот системасы алкымынан коррупцияга батканы эч кимге жашыруун эмес, ошондой болсо да судья кимден, кантип акча алып жатат? Сан жеткис байлыгын кайдан топтоду, кайсы иштердин негизинде?

Ушул эле канал carcheсk порталы аркылуу унаалардын бири жол эрежесин бузууда 130 миң сомго жакын айып пулга жыгылганын билишкен. Иликтей келгенде, кымбат баадагы жол тандабастар биз сөз кылып жаткан судьянын атасы Жоошбеков Нарынкулга таандык болуп чыккан. Эми судьянын атасы тууралуу сөз кылабыз – ал бир убактарда “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасынын акчасына курулган Талды-Булак алтын казуучу комбинаттын курулушун жетектеген. Азыр карамагында бир нече башкаруу компаниялары бар, бир нече ЖЧКларды негиздөөчүлөрүнүн бири. Алардын бири “НАМ 2011” ЖЧКсы. Бул ЖЧКга учурда Кульматов Нурлан Маратович директорлук кылат. Андан башка “Соломон Логист” жана “Трио Логистик” фирмаларынын да башкаруучусу. “Трио Логистик” компаниясын түзүүчүлөрүнүн катарында Кульматова Жибек Маратовна көрсөтүлгөн. Бул айым Алмазбек Жоошбековдун бир тууганы Жоошбеков Нурлан Нарынкуловдун жубайы. Судьянын байлыгынын булагына жакындап калдык, сырдын түйүнү мына ушул жерден башталат – жогоруда аталган фирмалардын баары сырттан товар ташып келүү менен алектенет. Алар борбордук темир жол жана түндүк темир жол өтмөгү аркылуу товар алып келишет. Ушул жерден суроо жарылышы мүмкүн, кантип бажыга тиешеси жок адамдардын товар ташуусу ийгиликтүү уланууда? Биз айткан сыр ушунда – Алмазбек Жоошбековдун бир тууганы, Жибек Кульматованын жолдошу Нурлан Жоошбеков 2008-жылдан тартып бажы тармагында иштейт, подполковник наамынын ээси. Учурда Кыргызстандын бажы кызматынын Россиядагы өкүлү.

Судьянын дагы бир тууганы Болот Жоошбеков жана анын уулу Бакыт “Максат” фирмасына ээлик кылышат. Бул компания мамлекеттик, муниципалдык жана башка уюмдар уюштурган тендерлерди утуп алуу жагынан алдына эч кимди чыгарбайт. Жолдуулугун ушундан билиңиз, 340 миллион сомдук 101 тендерди утуп алган. Бакыт Жоошбеков жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Эмгек” партиясынын катарында Токмок шаардык кеңешине талапкер болду. Ал эми фирманын аталышы Максат Жоошбековдун атынан коюлган. Бул дагы бул үй-бүлөнүн бир мүчөсү. Ал убагында өзүнө тиешелүү эмес жерди ижарага бергени боюнча айыпталып, бир топ ызы-чуу болгон. Эпчилдигин караңыз. КСДП партиясынан Токмок шаардык кеңешине депутат болгон, “Биримдик” партиясынын коомдук кабылдамасында иштеген, жакында болгон шайлоодо “Эмгек” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болду. Кыргызстанды тууган-уругу менен “басып” алган үй-бүлөлөрдүн бири ушул. Мамлекеттик кызматтарды өз байгер жашоосун түптөөгө пайдаланып, жакындары жапырт депутатка айланган мындай көрүнүштөр тилекке каршы, биздин мисалыбызда көп. Жоошбековдордун үй-бүлөсү да жарымы бизнеске, жарымы аларды калкалоочу мамлекеттик кызматтарга “бөлүнүп”, экономикасы өп-чап болуп, карапайым жарандары эптеп күн кечирип жаткан өлкөнүн сан жылкылуу Сансызбайларына айланышкан.

Судья тууралуу кеп ушуну менен токтогон жок. Анын кыздарынын каалагандай эс алуусуна шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгү кайдан пайда болгону белгилүү болду окшойт, аны менен катар кызмат орунун жеке жагдайына ылайык келбеген абалда кармап отурганын да айта кетели. Алмазбек Жоошбековдун экинчи жубайы Элнура Молдалиева Нарын облусунун соттук-медициналык экспертизасында эксперт болуп иштеп жүрүп, кызматтык абалына кайдыгер мамилеси үчүн кылмыш ишинин фигуранты болгон. Бул окуя Солтон-Сары кен казуу ишканасына байланышкан. 2008-жылы ишканананын жанынан жергиликтүү тургундун сөөгү табылган, мыйзамга ылайык маркумдун эмнеден каза болгонун билүү үчүн сөөк экспертизадан өтүшү керек эле. Элнура Молдокулова “сөөк кесилип, экспертизадан өттү”- деген корутунду чыгарган. Бирок кийинчерээк сөөктү кайра бейиттен казып чыгып, экспертизага берген учурда Молдалиеванын корутундусу жалганга чыгарылган. Жыйынтыгында, ага расмий иш кагаздарга жалган маалыматтарды атайылап киргизүү боюнча иш козголуп, жоопко тартылган. Бирок “Аялдарга жана эрезеге жете электерге мунапыс берүү жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде амнистияга туш болгон.

Мыйзам боюнча, жакыны соттолгон адам судья болуп иштөөгө укуксуз. А бирок Алмазбек Жоошбеков судьялык ордуу менен коштошууну ойлоно да элек. А эгер адамдын өзүнүн абийири, мыйзамды сыйлоо дээринде болбосо, ал миң ирет мыйзамды туу туткан тармактын өкүлү болбосун, өз каалоосу менен кызматтан кетүүнү ойлонбойт. Бир райондун судьясынын “тарыхы” мына ушундай. Бир жагынан бажычы, товар ташуучу туугандары, экинчи жагында мурда соттолгон жубайы. А өзү судья. Канча деген адамдардын тагдырын чечип, өкүмү менен өмүрлөргө өзгөртүү киргизип жаткан адам. Өз жашоосунда мыйзамсыздык кайнап жаткан адам башкаларга кантип мыйзам менен жашоо керектигин насаат кылат?

Арина Рысбаева,

Булак: “Майдан. kg” гезити

0