Каракалпакстанда төрт кишини топурак басып калды

265

Каракалпакстандын Кунград районунда суу түтүгү үчүн чуңкур казып жаткан төрт кишини топурак басып калды.

Каракалпакстан прокуратурасынын маалыматына караганда, кырсык 9-июнда Кунград районундагы Суэнли айылында болгон. Жыйынтыгында 1990, 2006 жана 2007-жылкы жергиликтүү үч тургун дароо каза болушкан. 2004-жылкы өспүрүм топурак алдынан чыгарылып, райондук ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура териштирүү баштады. Мекемеден окуя боюнча кеңири маалымат тергөө иштери аяктагандан кийин берилерин билдиришти.

0