Кара-Сууда 7 жашар кыз айыл талаасынан зордукталды

1829

7 жаштагы кызды зордуктоого шектүү кылмыштын изи сууй электе кармалды.

9-апрелде саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну 7 жаштагы жашы жете элек кыз “Н.А.” айыл талаасы аркылуу үйүнө кетип жаткан учурда жашы болжол менен 16-17 курактагы белгисиз жаран тарабынан жыныстык жактан зордукталып, денесинен алган жараатынан улам Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген. Бул тууралуу маалымат Ош ОИИБдин Нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн.

Бул окуя Маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, кылмыштын бетин ачуу боюнча кечиктирилгис ыкчам иш чаралар жүргүзүлө баштаган.

Кылмыш иш боюнча Ош ОИИБдин жетекчилиги баш болуп Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барышып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлдү. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кылмыштын изи сууй электе кылмышкер Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну 26 жаштагы “Н. уулу А.” экендиги аныкталып, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен шектүү катары кармалган. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишти жасагандыгын толугу менен мойнуна алган, о.э. тийиштүү буюм далилдер алынган жана убактылуу кармоочу жайга камалды.

Жабырлануучу: “Н. А.” 7 жашта Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну, 1-класстын окуучусу, таэнесинин колунда тарбияланып жаткан, апасы Россияда миграцияда.
Тергөө иштери Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жүргүзүлүүдө.

0