Кантип күйөөмдүн көзүн карайм? Кылган ишиме өкүнөм…

573

Кыз-келиндерге суроом бар эле. Мени каргап-шилебей чындап эле жооп кайтарып бериңиздерчи? Мен күйөөмдүн көзүнө чөп салдым. Туура эмес кылдым. Аябай өкүнөм. Эми эмне болот? Күйөөм алыста “үй-бүлөм” деп иштеп жүрөт. Көрүшпөгөнүбүзгө жарым жыл болду. Бир адамга жолугуп калгам, мамилебиз ортодо жакындашып кетти. Туура эмес кылдым, билем өкүнөм. Өзүмдү жемелеп жатам. Кантип күйөөмдүн көзүн карайм? Өзүмдү өзүм жеп, мындан ары кантип жашайм? Колуңардан келсе күйөөңөр менен бирге болгула. Алыстабагыла. Баары бир мындай иштер болуп кеткени өкүнүчтүү…

Лира

Арыба.кж

0