Кан кое бербейт! Бакиевдин кандуу бийлигинин курмандыгы болгон Садыркуловдун ɵлтүрүлгɵнүнɵ 12 жыл болду

771

2005-жылдагы март окуяларынан кийин Курманбек Бакиевдин жылдызы жанган. Эл ишенген, ɵлкɵнү оңдойт деп үмүт арткан. Тилекке каршы үмүттɵр акталбай калды. Мына ошол КурСалиевичтин бийлигинин башкы вазири болуп, алгач администрация башчысынын орун басары, кийин жетекчиси болгон «МЧС» каймана ысымдуу Садыркулов Медет Чокановичтин ырайымсыз түрдɵ мыкаачылык менен ɵлтүрүлгɵнүнɵ быйыл 13-мартта 12 жыл толот. Бакиев бийлигинин бекемделишне эбегейсиз салым кошуп, кɵп маселени ɵзү чечкендиктен улам «серый кардинал» атыккан Чоканович 2008-жылдын аяк ченинде Бакиевдер менен тил табыша албай калган. Мындан улам кызматтан кеткен. Кызматтан четтегенден кийин оппозициячыл саясатчылар менен мамиле түзүп, а түгүл Казакстанга чейин барып таасирдүү күчтɵр менен жоолугушууларды ɵткɵрүп баштаган эле. Мындан катуу чочуган Бакиевдер артынан сая түшүп, кɵп узатпай буюртма «башкесерлер» менен тындым кылышкан. Тагыраагы 2009-жылдын 13-март күнү таңгамаал Аламүдүн капчыгайындагы жолдун чекесинде ɵрттɵнүп кеткен автоунаанын ичинен Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдɵɵлɵр институтунун экс-жетекчиси Сергей Слепченко жана айдоочусу Кубат Сулаймановдун сɵɵгү табылган. Бакиевдер «автокырсыктан мерт болду» деген түшүнүктү сиңиргенге аракеттенишкен менен эл ишенген эмес. «Кан кое бербейт» демекчи, 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин сырдуу ɵлүмдүн жандырмагы чечилип, Медет Садыркуловду канкор Курманбек Бакиевдин жакындары ырайымсыздык менен ɵлтүргɵнү ачыкка чыкты. Үч адамдын ɵлүмү боюнча кылмыш иши тергелип, Садыркуловду ɵлтүрүү планын ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин иниси, Мамлекеттик күзɵт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жетектегени аныкталды. Соттун чечимине ылайык, Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев ɵмүр бою сыртынан кесилген. Учурда бул иш боюнча соттолгон айрым кишилер дагы деле издɵɵдɵ жүрɵт.

Нургазы Айтмырзаев

Булак:Де-Факто

0