Камчыбек Ташиевди каралоого аракет кылган материал жарык көрдү

640

Качантан бери Орусиянын маалымат каражаттары биздин чиновниктердин ишине кызыгып, алардын ишине баа берип калды эле? Эч бир эксперттин келтирген жүйөөсү, далили жок. Курулай каралаган, макаланы жарыялап эмнени көздөөдө? Эгемендүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсү, атайын кызматтын жетекчисин бир тараптуу күнөөлөөсү эмнеден кабар берет? 9-май майрамына карата параддын өтпөй калганын УКМК төрагасынан көрүп, ал кишини АКШга жабыштырып жалаа жаап, элге жаман көргөзүү аракети ачык эле билинип турат. Мындай жеңил-желпи, ойдон чыгарылган кинелердин орус медиасынан жарыяланып жатышы таңкалыштуу. УКМК төрагасынын душмандары ыпластык жол менен каралайбыз деп, тескерисинче тарапташтарынын ишенимин күчөттү. Көралбастардын арам ою суу кечпейт.

Факты.кж

0