Кадыры какшыган “Эмгек” капчыкка таянабы?

273

Айтылуу олигарх бир туугандар Аскар Салымбеков, Мамытбай Салымбековдор негиздеген «Эмгек» партиясы Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо баш кɵтɵрдү. «Эмгек» саясий партиясы 2015-жылы Жогорку Кеңештин шайлоосуна кайсы бир партия менен тандем болуп аттанып, жыйынтыгында жолу болбой жыдып калгандан бери коңулда бɵгүп жаткан. Кандай саясий абал болбосун ал кырдаалга жараша «позада» туруп, шамал каяктан болсо ошол тарапка жапырылганды мыкты ɵздɵштүргɵн «Эмгек» партиясынын негиздɵɵчүлɵрү жанданып, жаздын келиши менен шаңданып, шаңыраңдап шайлоого барышты. Жаңы партиябыз, жаңы жүздɵр менен баратабыз деп шаардыктардын башын айлантуу аракетине ɵтүп, сапырылган акчаларын самандай чачышып, Бишкек шаардык кеңешине өтүп алышты, эй!

Мындан көп узабай “кыңыр иш кырк жылда билинет” демекчи, бул партиянын ыплас кадамдары кырк мүнөттө билинип ит эле болушту. Акыры булардын айынан Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Мыйзам бузган фактылары далилдер менен чыгып атканына карабай “Эмгек” партиясы шайлоодон четтегенин моюндарына алгысы келбей, айрым шаарларда соттошуп жатканы кандай? Бул жагы “уялбагандан өзүң уял” дегендей эле болду. Дал ушул базаркомдордун айынан шайлоо эрежелерин сактап, чыныгы элдин колдоосу менен өтүп келген башка партиялар да талаада калышты. Булар алардын убалына калгандарын ойлонушту бекен? Эң кызыгы, шайлоонун жокко чыкканын таза жеңиш менен утуп келген партиялар да түшүнүү менен кабыл алышып, кайра күрөшкө аттанууга даяр экенидиктерин билдирип жатышса, “Эмгек” партиясынын чычалагына жол болсун. Же кадыры какшыган, бирок капчыгы калың “Эмгек” бул жолу акча жардам бербээрин туюп чычалап жатышабы? Так что, капчыкка эмес, кадырга таяныш керек, кадырга…

«Эмгекчилер» куру кыялдарында соттон утуп чыгып, баарын ɵзүбүз тейлебиз деген сокур үмүткɵ жетеленип алышса керек. Ошондо «базаркомдор» башкалааны бийлегиси келеби?!

ЧЫНДЫК

0