Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды

36

Абдалиев Кабыл Кушбакович Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 2021-жылдын 1-апрелинде премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Кабыл Абдалиев буга чейин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматын ээлеп келген.

0