Кааласа ректор, кааласа депутат болгон Канат Керезбеков

449

2005-жылы Бакиевдер бийликке келгенден кийин жолу ачылып, Марат Бакиев менен курсташ болгон үчүн Канат Керезбеков өзүнүн кесиптеш агасы, академик Чолпонкул Арабаевден юридикалык академияны “тартып” алганы айтылып жүрөт. Он жылдай ректор болуп туруп, шайлоолордо ал кезде арааны жүрүп турган КСДПнын камчысын чаап, депутат да болгон. Канат Керезбеков парламентте  Алтынбек Сулайманов менен жакалашкан “эр жүрөк” депутат болгону да белгилүү, бирок, саясатта туруксуз болуп, позициясын тез-тез алмаштырып, бир жээктен экинчи жээкке секире берип, “сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт” сыңары арка-мойну астында калбаса болду… 

“Азия Ньюс” гезит

0