Күрөш: жаш балбан Билол Шарип уулу Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды

356

Кыргызстандык жаш балбан Билол Шарип уулу Италиянын Рим шаарында өткөн күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Шарип уулу 31-июлда эркин күрөштөн 60 килограмм салмакта финалда ирандык Ебрахим Есмаел Елахичоуран менен беттеште бир упай айырма менен жеңилип (4:5), 2-орунду ээледи.

Ал финалга чейин төрт атаандашын уткан. Алгач казакстандык Айдын Бекбаевди 10:0, 1/8 финалда швециялык Аарон Марко Сбергди 10:0, чейрек финалда италиялык Алессандро Данте Нинини дагы 10:0, жарым финалда жапониялык Тайга Огинону 7:2 эсебинде жеңип алган.

Билол Шарип уулу 16 жашта. Июнь айында Бишкекте өткөн эркин күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынган. 

Эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыздардын эркин күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионаты Италиянын Рим шаарында 25-31-июль күндөрү өттү. Кыздардын эркин күрөшүнөн кыргызстандыктар Жаркынай Нурлан кызы (65 кг) жана Гүлнура Таштанбекова (69 кг) коло байгенин ээси болушту.

0