Бишкек Шаардык Кеңештин депутаттары кандай иштери менен бири-бирине атаандашат? Эл көзүнө мыкты иштери, үлгүлүү жүрүм-туруму менен көрүнгөнгө аракет кылып, “Мен шаардын бул жерине муну жасадым”, “Мен мындай жардамдарды бердим”, — деп мактанышат. А чындыгында алар капчыгынын калыңдыгы менен гана атаандашат. Керек болсо баардыгын сатып ала турган акчасы бар экендиги менен мактанышат. Эч нерсени элес албаган байкуш шайлоочулар өз “кумирлерине” жан тартып, сїрєттєрї менен шаар ичине жайнап илинген баннерлерге эле канча акча кеткенине сарсанаа болушат…
Анчалык бае болбой эле койгула, урматтуу шайлоочулар!
Мисалы, “базарком” Салымбековду жана анын командасын алалы. Бишкектин көчөлөрүнө кабат-кабаты менен илинген жарнамаларын көрүп атасыңар да. Беттеринен бит тайгалангандай сүрөттөрү менен илдирип атышат го эсепсиз акча чачып. Дегенибиз, ар бир илинген баннер миңдеген сомдун башын жутат. Ага канча каражат кеткенине сарсанаа болгондор бар, эй! Ага кайгырбай эле койгула! Бишкектин кєчєлєрїнїн ар бир жыртык-тешигине чейин баннер илсе дагы Салымбековдордун капчыктары бөксөрүп калбайт.
Эмнеге десеңиз, келиңиз жөн эле эсептеп көрөлү! Бишкектин болгон майлуу жерлерине жөргөмүштүн желесин небак жайып алган “Спрут-Салымбековдордун” жеке менчигинде “Дордойдон” тышкары бир топ чоң базарлар бар: “Аламүдүн” базары, “Дордой Моторс”, “Дордой Плаза”, “Космо Парк” жана башкалар. Базардын ичинде канча каражат айланып, кандай иштер жасалып жатканын мындай кое туралы. Биз ошол базарлардын тегерегинде эле акчаны абадан кантип жасап жатышканын эсептеп берели.
Базарлар акы алынуучу автотоктотуучу жайлары менен экенин жакшы билесиз. Салымбековдорго тиешелүү баардык базарлардагы “парковкаларды” болжол менен 4 000 (төрт мию) унаа токтоочу жай деп эсептейли. Эң аз деп эсептегенде. Ал эми унаа токтотуучу бир эле орунга болжол менен 40 сом алышат. Эң аз дегенде. Дордойдо 50 сомдон өйдө алышат. Бир күндө бул канча болот? 4 000 х 40 =160 000. Жүз алтымыш миң сом! Бир эле күндө, эй! Эң аз сумма менен эсептегенде ушул сумма чыгат. Ошондой эле бир авто тура турган орунга күнүнө аз дегенде үч машина, болбосо 5-6 машина токтойт да. Анда тиги сумма 160 000 х 3 = 480 000 сом болот. Ар күнү ушунча сумма жыйналат.
А айына канча? 480 000 х 30 = 14 400 000 сом.
А жылына канча? 14 400 000 х 12 = 172 800 000 сом. Долларга которсоўуз 2 миллион АКШ доллары болот. Ал эми төрт жыл ичинде (шааркеңешинин депутаттыгы ушунча убакытка созулат) 172 800 000 х 4 = 691 200 000 сом.
Доллар менен эсептегенде бул 8 миллионов 200 миң доллар болот! Бїгїнкї курска жараша. Кандай экен? Эчтеке кылбай эле айына 2 миллион долларды абадан эле жасап алса болот бекен?
Ошон үчүн “базаркомдор” шайлоо алдындагы үгүт иштерге акчаны аянбай чачып, эптеп эле Шаардык Кеңештин босогосун аттаганга аракет кылышат. Себеби, башка эчтекенин кереги жок! Шаар бийлигине тигинче дүйнөнү коргоп бере турган өз кишилерди гана алып келиш керек! Бир нече миллионду тиякка — биякка чачып коюп бийликке келүү булардын уктаса түшүнөн, ойгонсо өңүнөн кетпеген максаты! Анткени бийликке келишсе, миллиондорду кайра эле абадан жасап алуу колдогу иш да! Туурабы?
Ал эми Салымбековдордун “Эмгек” партиясы менен Бишкек Шаардык Кеңешке аттангандардын тизмесин карап кєрїўїз! «Эмгек» партиясынын лидери «Аламүдүн» базарынын кожоюну Ырысбек Мааткабылов. Ленин районунун мурунку акими. Ырысбек мырза Маамытбай Салымбеков менен Аскар Салымбековдун бир тууганы Шаршенбай Салымбековдун улуу баласы. Ырысбек Мааткабылов партиянын лидери болгону менен Бишкек Шаардык Кеңешке талапкер болуп чыккан жок. Бирок, бир тууган иниси Шаршенбай уулу Руслан «Эмгек» партиясынын 10чу тизмесинде. Ал эми Маамытбай Салымбековдун экинчи баласы Жумабек Салымбеков аталган партиянын 16чы тизмеси менен шайлоого бара жатат. Демек, 16 мандаттан кем албайбыз деген ишеничтери бар. Ал эми «Эмгек» партиясынын тизмеси менен Бишкек Шаардык Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп чыккандардын аты-жɵнүн катап олтуруп жакаңды кармайсың! Элге аты белгилүү, эл үчүн күйүп-бышкан аттуу-баштуу бирɵɵ жок. «Эмгек» партиясынын тизмесинде Шаардык Кеңештин азыркы иштеп жаткан он чакты депутаты жана бирин-экин кɵпɵстɵр талапкер болуп жүрɵт. Анан калган тизменин 60%ын Салымбеков университетинин окутуучулары баш болуп, «Аламедин» менен «Дордой» базарынын башкы эсепчиси тɵш болуп, базардын юрист, кассир, контрлер жана инспекторлору ээлептир. Булар Шаардык Кеңешке келсе мэриянын ичин базар кылып жиберет го, ыя?! Жалаң ɵз кишилерин, тагыраагы кол алдында иштегендерди депутат кылуу менен Салымбековдор кандай максатты кɵздɵп жатышканы белгилүү да. Эптеп шаар бийлигин колго алып, бизнестерин өркүндөтүү. Дагы жерлерди ээлеп базар салуу. Акчага туйтунуу. Демек, добуш берүүдө кылдат ойлонгула урматтуу шайлоочулар…
Ойлонгуңуздар келбесе, “Эмгек” партиясын тандай бергиле! Алар ар бириңердин базарга барып машина токтотконуңардан миллиондорду жасай беришсин! Бишкек шаарынын бийлигин колго алып дагы базар ачышсын! Бишкекти тейлесин…
Эржигит Алманбетов
Булак:Де-Факто гезити