Көк бөрү боюнча мелдештин экинчи күнүнүн жыйынтыгы белгилүү болду

540

Ысык-Көлдө Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Бүгүн, 18-мартта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында көк бөрү мелдешинин экинчи күнү аяктады.

18-марттагы оюндун жыйынтыгы:

“Бакубат Талас” – “Жети-Өгүз” – 0:3;

“Кара-Буура” – “Сокулук” – 2:1;

“Жаш Күч” – “Ынтымак” – 2:5;

“Ала Тоо” – “Мурас” – 4:0.

19-мартка карата программа:

Саат 11:00 – “Сары-Өзөн” – “Ынтымак”;

Саат 12:30 – “Достук – “Мурас”.

Эскерте кетсек, быйыл жогорку лигага жалпы 6 команда катышса, биринчи лигага өлкөнүн бардык аймактарынан 21 команда катышууда.

0