Футбол боюнча Испаниянын кубогунун жарым финалынын жооптук беттешинде «Барселона» командасы «Севилья» менен оюн өткөрдү.
Беттеште «Барселона» атаандашын 3:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты. Оюнда Усман Дембеле, Жерар Пике жана Мартин Брейтуэйт бирден гол киргизди.
Кубоктун жарым финалынын биринчи беттешинде дагы «Барселона» 2:0 эсебинде «Севильяны» артта калтырган.
Белгилей кетсек, Испаниянын кубогунун финалында «Барселона» командасы «Леванте» менен «Атлетик» командаларынын жеңүүчүсү менен оюн өткөрөт.