Исмаил Исаков:«Өлкө башчысы шайлоону таза өткөрөм деген сөзүнө турса, тынчтык, стабилдүүлүк, туруктуулук орномок»

309

“Азаттык” партиясынын лидери Исаков Исмаил Исакович менен азын оолак маек курдук. Ал эгерде президент сөзүнө туруп шайлоону таза өткөрсө, өлкөдө тынчтык, стабилдүүлүк орномок дейт.

– Кыргыз бийлигинин кемчилиги эмнеде? Биз бүгүн эмнеден аксап жатабыз?

– Кемчиликтер өтө көп, элибиздин турмушун жакшырта алган жокпуз, мыйзамдуулук, тартипти орното  алган жокпуз. Жаштарыбызга үлгү көрсөтө албай калдык. Өзүбүздүн кен байлыктарыбызды элдин кызыкчылыгына пайдалана албай жатабыз. Бул чоң кемчилик, кетирген катабыз деп айтаар элем. Болгону адам укуктары менен эркиндиктерин, калыбына келтирдик. Бизде баары эркин сүйлөй алат.   Каалаган адамын шыбап, ага көө сүйкөп, каалагандай жамандайт.

 Эл ишенип шайлаган өлкө башчылары элдин ишенимин актаган жок.  Өлкөнү сазга батырды. Мажбурлоо менен эмес, ар ким өзүнүн эрки менен чечим кабыл алса Кыргызстандын өнүгүшүнө шарт түзмөк. Илим-билимдүү, ишке эптүү, өлкөнүн партиот, чыгаан уул-кыздары арбын. Болгону биз аларды мамлекеттик кызматтардан чектеп, түрткүлөбөй, өлкөнүн  пайдубалын бекемдөө үчүн иштетип калуубуз зарыл.

– Буга чейинки шайлоонун жыйынтыгына эл нараазы болуп, өлкөдө чоң бурулуш болду. Бул жолку шайлоодо  деле калк арасында ишенбөөчүлүк байкалып, кош көңүл карагандай сезилет. Президент менин бир дагы партиям жок деди. Бирок, социалдык тармакта өлкө башчыга тийешелүү партиялар бардай туюлат. Ушул шайлоо эл ишенимин актай алабы?

– Бул өтө оор суроо болуп жатат. Мен дагы президентибиз Садыр мырза менен жолугуп чыктым. Шайлоону таза өткөргөнгө баардык күчүмдү жумшайм деп айтты. Мен деле элдин арасында жашайм да.  Элден эки-үч партияны колдоп жатат деп  угуп жатам. Шайлоонун жыйынтыгы шайлоочулардын ички дүйнөсөн кабар берет. Биз азыр шайлоочулардын жан дүйнөсүнө төңкөрүш жасашыбыз керек. Исках Разаков «мен таза болсом, сен таза болсоң, коом дагы  таза болот» деп бекеринен айткан эмес да. Мындан ары акчага, куру убадага алданбай, тууганчылдыкка берилбей, талапкердин дараметине карап, колунан бир нерсе келеби жокпу деп талдап, чын дили менен иштей тургандарга добуш бергенде гана  өлкөдө өзгөрүү болот. Албетте оору бир күндө айыкпайт. Өлкө башчысы шайлоону таза өткөрөм деген сөзүнө турса, анда  тынчтык, стабилдүүлүк, туруктуулук орноп, элдер ишенген кишисин колдоп берээрине шек жок.

– «Ачка курсакка идеология кирбейт» деген сөздүн автору сиз болсоңуз керек эле. Айтайын дегеним, добушуңду сатпа, бул кылганың туура эмес, принцип деген болушу керек да дейбиз.  Бирок калкты кымбатчылык каптаган. Ал жетпей жаткансып пандемия, сыртта жүргөн мигранттар миңдеп саналат…

          -Албетте добушун сатканга мажбур болушту. Өзүн, үй-бүлөсүн, бала-чакасын багуунун жолу.  Баанын өсүшү, айлык акынын аздыгы, жумушсуздук себеп болду. Бул жолку шайлоодо  добуштарын сатпайт деген ойдон алыспыз. Мындан улам бир нерсени айткым келет. Америка түптөлүп жаткан учурда эли түндүк-түштүк болуп бөлүнүшүп, ыркы кеткен. Натыйжада өлкөдө кризис, ачкачылык өскөн. Мына ушундай катаал учурда карапайым калк  колундагы алтын шакектерин чечип, баалуу буюмдарын берип, тынчтык өкүм сүрсүн, аскерлерге курал сатып берелик дешкен. Ал эми бүгүн Америка дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн катарында. Биздин элди дагы ошого үндөйт элем. Кара курсакты бир күнгө  тойгузам деп алданып  биз беш-алты жылдык келечекти жок кылып жатабыз. Эми туура  жолго түшөлү, мамлекетибизди оңдойлу, балдардын келечегин ойлойлу, биз сыяктуу кыйналбай жакшы турмушта жашасын,  эркин өсүп, эркин билим алсын деген үмүт менен аң сезимди оңдосок добушун сатпайт  деп ишенем.

Элдин аң-сезимин бузган бийликтин адамдары болду. Алар акчаны бербей койсо шайлоочулар албайт эле да. Бийликтин өкүлдөрүнө, талапкерлерге кайрылат элем. Добуш сатып албагыла, чынчыл, адилет күрөшкүлө.

Аткаруучу: ИП “Султанова Жыпар Ильясовна”. Дареги: Бишкек шаары. Месароша көчөсү 95-2. Буйрутмачы: «Азаттык» демократиялык партиясы. Нускасы: 1 даана.Чыгарылган күнү: 24-ноябрь, 2021-жыл. “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү. (03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

0