Иса Өмүркулов 4-июнда өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болду. Ден соолугуна байланышту деген менен коомчулук аны качып кетти деп жоруп жатышат. Бийликтин майлуу жерлерин жердеп, эбегейсиз байлык топтогон Исанын дайынын уккан эл кыжырдануу менен кабыл алып, бийликке сындарды жаадырууда. Анткени аны «куса» тургандардын сап башынан көргөндөр көп экени анык. Өмүркулов кетээрде жөн кетпей, арамзаалыгын көрсөтүп СДПК фракциясын өзүнүн менчигиндей Өмүрбек Бакировго өткөрүп берип кетиптир. Бирок анысын мыйзамсыз дешүүдө. Себеби өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен бара жатып СДПКдан чыккандыгы тууралуу арызын жазып берген экен. Ошого карабай өз билгенин кылып, ичкен кудугуна түкүрүп кеткени кандай? Партиялаштары анын кылыгын туура эмес экенин далилдеп, жазган арызын көтөрүп чыгышып, Өмүрбек Бакировду алуу тууралуу кол топтоп жатышыптыр. Эски карышкырдын эси жок жоругун баштап, балтайтып интрига таштап кеткенин карабайсыңбы, таңгөрү…
Атамбаев досунун далай жакшылыгын көрүп, кийин бийликтен кетээр менен Асылбектин колтугуна кире качкан. Жээнбековдордон оомат кетип, Асылбек камалаары менен качып кетти. Мындай саткынды бала болуп башыбызга жүн чыккандан бери көрө элекпиз…
Булак: Ачык саясат