Ирина Летова: Жаңы кодексти жазгандар кыз зордуктагандарды, ала качкандарды, адам саткандарды жеңил жаза менен кутулта турган болушту

723

Жазык кодексин, Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыккан  топ, ден соолукка оор залал келтирүү, зордуктоо, топтошуп алып зордуктоо, күч колдонуу менен сексуалдык кордук көрсөтүү, адамды уурдап кетүү, адам сатуу сыяктуу оор кылмыштарды эми Пробация кызматы аркылуу гана өткөрө турганы, башкача айтканда андай кылмыш кылгандар жоопкерчилик тартпай эле эркин жүрүү менен жазалана тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу укук жаатындагы адистер чырылдап айтып жатышат. Белгилүү эксперт Ирина Летова бул жаатта өз оюн билдирди.

 -Ушундай кылмыштар пробация аркылуу гана өтө турган болуп жатат. Пробация деген эмне? Бул кылмыш кылган адамды эркинен ажыратып түрмөгө жибербей, ал адам үйүндө эле калып белгилүү бир иштерди аткарган жаза. Башкача айтканда ал адам кадимкидей эле үйүндө жашай берет, эч кайда кетпейт, балким айына бир жолу тиешелүү органдан белгиленип турат.

Азыр болсо Пробацияны беш жыл эркиндиктен ажырагандарга да колдоно башташат экен. Мисалы, адам биринчи жолу кылмыш кылса, ага кайра шанс берип эркиндиктен ажыратпай эле жазалоо жолу тандалган. Бирок жогоруда айтылгандай кылмыштарга мындай жаза берилбеши керек эле. Иштеп жаткан Жазык кодекси боюнча зордуктоо, денеге оор залал келтирүү сыяктуу кылмыштар пробацияга жатпайт. Азыр болсо кодекстин жаңы вариантына Пробациянын кулачын кеңири жайып, оор кылмыш кылгандарга да аны колдонууну сунуш кылып жатышат. Мисалы, ден соолукка оор залал келтирүүнүн 1-бөлүгү, 2-бөлүгү – булар уруп сабоолор, зордуктоо, күч колдонуу менен зордуктоого аракет кылуу, адамды уурдоо, адамды сатуу, никеге туруу максаты менен адамды уурдоо бизде бул ала качуу – булардын бардыгы эми Пробацияга кирип калат экен. Айталы, бир киши бир жаш кызды зордуктап анын тагдырына, өмүрүнө орду толгус зыян келтирди дейли, эгер ал кишини сот жазаласа, ага болгону пробация колдонулат. Ал киши балким тигиндей кордук көргөн кыз жашаган райондо жашашы ыктымал, эми ал кызга дагы эле моралдык зордук-зомбулук көрсөтө бериши толук мүмкүн. Менин оюмча, мындай нерсеге жол берилбеши керек эле. Же ала качууну алсак деле ушул көрүнүш кайталана турган болуп калды.

  • Ошондой киши он жыл түрмөдө болот же беш жыл үйүндө эле болот деген чечимди ким кабыл алат?

 -Акыркы чечимди сот чыгарат. Бул ишке тергөөчү анан Пробация кызматкерлери да катышат, алар ошол адам боюнча пробациялык доклад жазышат. Бирок менин билишимче, азыр Пробация кызматынын мындай доклады жок эле сот өзү эле пробация тууралуу чечим кабыл алсын деген вариантка токтошту. Демек, адамды он жылга эркинен ажыратуу же Пробация аркылуу беш жыл үйүндө эле калсын деген чечимди сот өзү кабыл алат. Бирок бул ушунчалык чоң ажырым болуп жатпайбы. Азыр бул боюнча пробацияны беш жылга жеткиргени жатышат, бирок бул иштин маңызын өзгөртпөйт.

  • Катардагы жаран катары мага да түшүнүктүү болду. Эми адамды зордуктаган адам он жыл түрмөдө жаза өтөбөй, беш жыл Пробацияда калышы үчүн, ал адам сотко пара бериши керек экен да, ушундайбы?

 -Логика боюнча ошондой болуп калат. Жаңы иштелип чыккан Жазык кодексинде ушундай коррупциялык тобокелчиликтерге жол берилип жатат. Дегеле жалпы кодекс боюнча мындай калпыстыктар абдан көп, бирок жогоруда айтылган мисал, коррупциялык абдан чоң тобокелдикти, он жыл түрмөдө же беш жыл үйдө отурасың дегенди көрсөтүп турат. Булар албетте, салыштырылбай турган нерселер.

0