Ирина Летова: “100 миллион сом уурдап 2 миллионун берип кутулуп кетсең болот. Ушуга баратабыз”

883

Шашылыш түрдө кайрадан иштелип чыккан Жазык кодекси жана Жазык-процесстик кодекси жана башка кодекстер ушул тапта Жогорку Кеңешке барды. Күзүндө Кыргызстан жаңы кодекстер менен жашап калат деген ойлор айтылып жатат. Эгер бул кодекстер  азыркы абалында кабыл алса, биздин жашообузда эмне  өзгөрүшү мүмкүн? Бул тууралуу укук тармагынын эксперти Ирина Летова төмөндөгүлөрдү айтып берди:

 -Жазык кодекси жана Жазык-процесстик кодексинин кылмышкерлерге гана тиешеси бар деп айтып келишет. Тилекке каршы, бизде бул кодекстин ар бир адамга тиешеси болуп кала турган жагдайлар көп. Азыр болсо Жоруктар кодекси, башкача айтканда жасалган жорук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпаган кодекстин бир бөлүгү Жазык кодексине, бир бөлүгү Бузуулар кодексине өттү. Жоруктар кодексинин бир бөлүгүнүн Жазык кодексине өтүшү криминалдаштырууну көбөйтөт. Бул жаман албетте.

 Жаңы кодексте уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга байланышкан кылмыш иштеринин жазаларын гумандаштырып салышты. Ошол эле учурда орто бизнес менен алектенип жаткан адамга карата жазалар, тескерисинче, катуу болуп калды. Мисалы, азыр кызматтан кыянаттык менен пайдалануу, ыйгарым укугун кыянаттык менен көбөйтүү, пара алуу сыяктуу коррупциялык кылмыштар боюнча азыркы иштеп жаткан Жазык кодексинде адамды эркинен ажыратып гана жазалоо бар, беш жылдан жети жарым жыл, жети жарым жылдан он жылга чейин коррупционерлер эркинен ажыратылат.

Ал эми азыр сунуш кылып жатышкан Жазык кодексинин жаңы вариантында так ушундай кылмыштарга айып төлөтүү сыяктуу альтернативалуу жазаларды киргизип жатышат. Айыптар да ар кандай, мисалы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу же ыйгарым укугун көбөйтүп жиберүүгө миллион сомдон эки миллион сомго чейин айып төлөө же беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу деген альтернатива кирип жатат. Башкача айтканда, кызматка байланыштуу коррупциялык кылмыш иштерине тиешелүү бардык иштерде ушундай альтернативалуу жазалар каралган.

  • Демек, кызматтагы адам 100 миллион сом уурдаса, ал 1 миллион сомду төлөп, дагы 1 миллион сомду сотко берип кутулуп кетсе болот экен да?

 – Ооба, ошондой шарт түзүлүп жатат. Дагы бир мыйзамсыз баюу деген берене бар. Азыр бул берене абдан популярдуу болуп жатпайбы. Так ушул берене боюнча иштеп жаткан кодексте адам өзүнүн кирешесин беш жыл аралыгында кайдан тапканынын булагын көрсөтүп далилдей албаса, анда ал адамды эркинен ажыратуу гана санкциясы каралган. Ал эми азыркы сунуш кылынып жаткан кодекс боюнча 1 миллиондон 2 миллион сомго чейин айып төлөө менен кутулуп кетүү сыяктуу альтернатива киргизилүүдө. Башка жаза жок. Мисалы, адам 100 миллион сомго байып кетип анын булагын көрсөтө албаса, ага болгону 1  же 2 миллион айып гана салынат да кутулуп кете берет. Менин оюмча, бул иштер коррупцияга каршы күрөштү алсыздандырып жатат деп ойлойм.

  • Мындай иштер эмне үчүн жасалып жатат? Же Башкы прокуратура бирөөлөрдү калкалап жатабы?

 -Менде буга жооп жок. Эмне үчүн ушундай жасап жатышканына мен да түшүнбөй жатам. Бирок мен билгенден Президенттин жарлыгы Башкы прокуратуранын алдында тескерисинче, коррупция менен күрөштү күчөтүү милдетин койгон. Биринчиден, жаңы кодекс жазбай азыркы иштеп жаткан кодекстерге талдоо жүргүзүү керек эле. Ошол талдоонун негизинде гана кандайдыр бир негиздүү чечимдерди кабыл алуу зарыл болчу. Же иштеп жаткан кодекстерди негиздүү жокко чыгарып жаңысын жазуу же иштеп жаткан кодекстердин керектүү жерлерине гана кошумчаларды киргизүү зарыл эле. Бул жагынан жаңы кодекстерди иштеп чыккан топ өз бийлигин жогорулатып жиберишти. Эч кандай талдоо болгон жок. Мисалы, жогоруда айтылган кылмыштар үчүн эмне үчүн альтернативалуу жаза киргизилип жатканына түшүндүрмө бериши керек эле. Бизге, эксперттерге эч кандай аналитикалык изилдөө, талдоо же негиздемелер берилген жок. Ушундай иштөөнүн өзү эле азыртан көп суроолорду жаратып жатса, кийин аларды колдонууда да көп башаламандыктарга алып келет.

0