Потугалиялык футболист Криштиану Роналдунун инстаграммдагы катталуучулары 300 миллионго жетти. Бул инста дүйнөсүндөгү жаңы рекорд. Роналду эми дүйнө жүзү боюнча социалдык түйүндө катталуучулары эң көп интернет колдонуучу болуп калды.
Ушул жылдын башында эле анын катталуучулары 250 млн болчу. Ал көбүнчө оюн учурунан кыска видеолорду, эмоционалдуу сүрөттөрдү, үй-бүлөөлүк романтикалык сүрөттөрүн жана спорттук кийимдердин жарнамасын жүктөйт. Мезгил-мезгили менен кайрымдуулук иштерин жасап, андагы эмоцияларды жүктөйт.
Инстаграммадагы катталуучулар рейтинги боюнча Роналдунун артынан, 246 млн катталуучусу менен америкалык актер Дуэйн Джонсон, андан кийин эстрада ырчысы Ариана Гранде келе жатат. (244 млн).
Ал эми Кыргызстанда, кыргыз тилдүү контент менен эң көп катталуучуну кармап, биринчиликти бербей келе жаткан ырчы Анжеликанын инстаграмм баракчасына катталгандардын саны 2 млн 700 миңден ашты. Ырчы кыз акыркы учурда ыр дүйнөсүндөгү чыгармачылыгы дээрлик эстен чыгып, инста дүйнөдө бизнес чыгармачылык менен алек. Катталуучулары анын портреттик сүрөттөрүн жана 3 кызы менен кызыктуу видеолорун жакшы көрүп, көбүрөөк лайк коюп келишет.