Калкы 1,3 миллиард адамды түзгөн бул өлкөдө ооруканаларда орун, дем алдыруучу аппараттар жана дары-дармек жетишпей жатат. Мындан улам бир катар өлкөлөр Индияга жардам берүүгө убада кылган.
Учурда Индиядагыдай абал башка өлкөлөрдө жаралбайбы деген тынчсыздануу көп айтыла баштады. Африкадагы Ооруларды алдын-алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору Жон Нкенгасонг континенттеги өлкөлөр абалга тынчсызданып жатканын билдирди. “Индиядагы абалды биздин континет көзгө илбей кое албайт”-деди ал.
Коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы жай жүргөнү айтылган Европада акырындык менен экономикасын калыбына келтирүүнү көздөөдө. Күнүнө 1,1 миллион адамды эмдөөгө жетишкен Германияда соңку күндөрү вирус жугузгандар салыштырмалуу азайды. Бирок бул өлкөдө пандемияга байланыштуу чектөөлөр күчүндө.
Ал эми Франциянын президенти Эммануэл Макрон кийинки айдан тарта кафе, айрым маданий жайлар бир нече этап менен ачыларын жарыялады. Ал эми Ирландиянын премьер-министри Майкл Мартин да 10-майдан тарта чектөөлөр жеңилдетилерин билдирди.
Европада абал бираз жакшырганы менен Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму чектөөлөрдү алып салуу Индиядагыдай абалдын кескин начарлашына алып келиши мүмкүн экенин эскертти.