Баткен шаарынын мэрлигине Имамназар Бурканов атаандашсыз шайланды. 7-июндагы сессияда шаардык кеңештеги 31 депутат анын талапкерлигин бир добуштан колдоду.
Интернеттеги ачык булактарга ылайык, жаңы мэр Кызыл-Кыя шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы — Нурланбек Буркановдун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Арзыбек Буркановдун бир тууганы. Ал буга чейин «Сыйкыр топурак» жоопкерчилиги чектелген коомун башкарган.
7-июнда Жалал-Абад, Баткен баштаган 17 шаардын мэри шайланды.