Имамидин Ташов кызын турмушка узатты

480

Бул тууралуу журналист Бактыгүл Момбекова жеке фейсбук баракчасы аркылуу билдирди:“Саясат саясаты менен эл деле тажагандай. Бирок саясатсыз мамлекет болбойт экен. Ошого карабай мен озубуздун эмгек жана биздин эмгекти баалаган мыкты адамдар жасаган эрдик тууралуу айткым келди. Эрдик эмей эмине. Оз кызын жаман жоруктарга багыттап керек жерде огой кызын кемсинтип жада калса уйуно батырбай кууп чыгып же болбосо таптакыр адам жасагыс башка жоруктары менен басынткан убакта биздин долбоор билгендер учун улутка улгу боло турган иштерди жасаган мыкты долбоор экенин карапайым калктан уккан жайыбыз бар. Аны менен сыймыктанабыз. Дал ушул долбоор аркылуу Канттын кызын озунун карамагына алган кыргыздын мыкты уулдарынын баш сабында турган КЖ групп курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов март айында аталык милдети менен кызын турмушка узатты. Ооз коптуруп суйлогон менен жасаган иши дал келбеген каармандарыбыз ото эле коп. Ушундай кыйчалыш заманда Имамидин инимдин бул жасаган иши эрдикке тете. Жубайы оз кызындай чуркап сеп даярдап, КЖ курулуш компаниясынын аткаруучу директорлору баш болуп, коллектив менен бирге ошол кенедей кыздын тагдырына кайдыгер карашпай, конвертин камдап биргеликте ачуу басарына барып, кызыбыз жалгыз эмес артында жоон топбакыйган биз турабыз дешип, кыздын Жалал-Абаддын Ала-Бука районуна узаганын, уй, жайы бар кыргыздын ыймандуу жигитине турмушка чыкканын билип, эшик торун коруп келип, конулдору жай болуп отуруп калышыптыр. Анан ушул кызды тааныштырган КТРКнын да эмгеги бар дешип, бизге маалымат кызматы чалып, отчетун берип, силер берген аманатты турмушка узатып, милдеттен кутулдук деп суйунчулошту. Жакында чон тоюна кубо болорубузду угуп биз да кубанып калдык. Эмнеси болсо да мээрим издеп журуп, мээримдуу адамга жолуккан Мечитгул да бактылуу кыз экен. Мындан да бактылуу болуп, ырысы ашып ташып, кыргызга кызмат кылып, санын кобойтуп, барган жеринен бак айтып, амандыкта жашай берсин дейли.Ал эми Имамидин Ташовго, жубайына, ал жетектеген компанияга чоон жетишкендиктер боло берсин. Бак доолоту ашып ташып, кыргыздын керегине чача берсин.”-деп жазды ал.

+1