Илимге чоң сокку! Жумабеков Бейшеналиевди жалган жалаа жабууда деп айыптады

4280

Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат деп айыптады.

Ал 3-февралда аталган медициналык жайда жыйын өткөрүп “министр буга чейин оорукана жөнүндө далилсиз сөздөрдү айтып келди, кечээ күнү менин дарегиме дагы сөз тийгизди. Мен жолукканга аракет кылдым, бирок макул болгон жок. Бул мамлекеттик мекеме, эч кандай менин менчигим эмес”, деди. Жумабеков ошондой эле бул жагдайга байланыштуу президентке кайрылды жана кызматтан кеткенге даяр экенин, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын билдирди.

+3